Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында эл аралык Тоо күнүнө карата Кыргызстан тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Бул туурасында ТИМ берген маалыматта айтылат.
Андагы кабарга ылайык, тематикалык видеоролик Куала-Лумпурдун көчөлөрүнүн биринде бир жума көрсөтүлөт.
Мындай саамалык климаттын өзгөрүшүнүн шартында тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүү, көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулду.