Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүн, 12-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өсүмдүк майын өндүрүүчү заманбап жогорку технологиялар менен жабдылган "Альфа" май заводунун ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, учурда завод айына 3000 тоннага чейин чийки затты кайра иштетип, жогорку сапаттагы продукцияны ички жана тышкы рынокторго туруктуу жеткирүүнү камсыздайт. Агроөнөр жай комплексин мамлекеттик колдоо программасынын алкагында ишкананын кубаттуулугун дагы жогорулатып, жакынкы келечекте жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.
Төрөбаев айыл чарба продукциялары чийки зат түрүндө гана эмес, кайра иштетүү аркылуу көбүрөөк өндүрүлсө, аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө абдан чоң өбөлгө түзүлөрүн белгиледи.
"Элибиздин да кирешеси жогорулайт. Учурда мамлекеттин айыл чарбаны өнүктүрүү саясатына ылайык, кайра иштетүү тармагына олуттуу көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп жатат”, – деди ал.