УКМК Баткенде мектептин аймагындагы жеке менчикке берилген жерди мамлекетке кайтарды (видео)

Баткенде 6 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, атайын кызмат тарабынан 189 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Кошумчалангандай, аталган жер тилкеси Баткен районунун Кара-Булак айылында жайгашкан З.Абдукаримов атындагы орто мектептин аймагынын бир бөлүгү болуп саналат. Ал өз учурунда “Өспүрүм үмүтү” коомдук фонду тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталды.
12.12.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан