Камчыбек Ташиев ага жардам сурап кайрылган бир туугандарга батир берди (фото)

Бүгүн, 12-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган бир туугандарга 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

28-октябрда 1989-жылы туулган Н.Жүдөмүшова аттуу жаран 4 бир тууганы ( 4 кыз 1 уул) менен турак жайы жок батирлеп жашап жүрүшкөндүгүн, 2002-жылы туулган жалгыз иниси 1-топтогу майып, көзү азиз экендигин айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган.

Аталган бир туугандардын атасы 2012-жылы, ал эми апасы 2007-жылы оорудан улам каза болгон. Бул аралыкта Н.Жүдөмүшова бир туугандарын өзүнүн карамагында багып чоңойткон. Жүдөмүшованын туруктуу жумушу жок, учурда идиш жууп күнүмдүк тиричиликке акча табат. Иниси майып болгондуктан, аны дарылоого да каражаты жетишсиз.

Ал эми бир туугандар турак жай маселесин чечүүдө буга чейин бир нече жерге кайрылып көргөн, бирок жыйынтык болгон эмес. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж бир туугандарга керектүү шарттары бар батирдин ачкычын тапшырып, жылуу каалоо-тилектерин айтып өткөн.

Өз кезегинде Н.Жүдөмүшова жана анын бир туугандары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге турак жайлуу болууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан