Кыргызстанда 11-12-декабрь күндөрү электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул туурасында Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээги күнгө алынган маалымат боюнча 3612 мегаватт кубаттуулукта электр энергиясы сарпталып, анын суткалык керектөөсү 78 миллион 931 миң киловатт саатка чейин жеткен. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында болгон эместиги маалыматта айтылат.
"Буга чейин электр энергиясын колдонуунун акыркы рекорддук көрсөткүчү 2023-жылы 14-декабрында катталып, 73 миллион 370 миң киловатт саатка чейин жеткен. Бирок ал учурда абанын температурасы -8…-20 градус болсо, 11-12-декабрда аба температурасы -5...-14 градусту гана түздү.
Учурда электр энергиясын ашыкча колдонгон аймактарда, электр тармагындагы жабдуулар ашыкча жүк келүү менен иштөөдө. Мындай учурда энергетиктер ошол жердеги абоненттердин электр энергиясын башка линияга (фидерге) которгонго чейинки аралыкта, 1-2 сааттык убакытты талап кылат. Бул учурда электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Эгерде энергетиктер мындай чара көрбөсө, кымбат баалуу энергетикалык жабдуулар иштен чыгып калышы мүмкүн”, - деп кошумчаланган маалыматта.
Мындан тышкары Токтогул суу сактагычына 2024-жылдын кышкы жылытуу мезгилине карата – 13 миллиард 257 миллион куб метрге чейин суу топтоого жетишкен. Анткен менен электр энергиясына болгон талаптын жогору болгонуна байланыштуу 1 миллиард куб метрден ашык суу иштетилип кетткен. Бул 2025-жылдын 1-апрелине карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 6,5 - 6,2 миллиард куб метрди түзүп, суу сактагычтын деңгээлинин критикалык көлөмүнө алып келиши мүмкүн экендиги маалыматта кошумчаланган.