Кара-Суу районунун тургуну "Хизб ут-Тахрир" (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмдан баш тартты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдагандай, милиция кызматкерлери экстремизмди алдын алуу иш-чарасынын алкагында Савай айыл аймагынын 72 жаштагы тургуну менен маектешүү өткөрүшкөн. Анда ал өлкө аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун катарынан өз каалосу менен чыккандыгын билдирген.
Аталган жаран агым туура эмес багытта экендигин түшүнгөнүн айтып, башкаларды дагы экстремисттик агымдардын курмандыгы болуп калуудан этият болууга чакырган.
Учурда Кара-Суу районунда аталган 2 айлык иш-чара уланууда.