2020-жылы АКШга көчүп келген сириялык, мурдагы түрмө башчысы Осман аль-Шейх азыр 100 жыл абакта отуруу коркунучу алдында турат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 72 жаштагы Осман аль-Шейх 2005-2008-жылдары Дамасктын борбордук түрмөсүн жетектеп турганда саясий жана башка туткундарды кыйноого буйрук берген деп айыпталууда. Ал кээде кыйноолорго өзү да катышып турганы айтылууда.
Мурдагы түрмө башчысы 2023-жылы Америка жарандыгын алуу үчүн арыз берген. Ал жарандык алуу үчүн жасаган кылмыштарынын фактыларын атайылап жашырган деп да шектелүүдө. Эми ал кутумчулук үчүн 20 жыл, кыйноо боюнча 3 фактынын ар бири үчүн 20 жыл жана миграциядагы алдамчылык 2 факты үчүн 10 жылдан алышы мүмкүн.