Бишкекте батирден өрт чыгып, 10 адам эвакуацияланды

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 08:33дө Биринчи май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.

Ага ылайык, өрт саат 09:28де толук өчүрүлүп, кырсык катталган аймактан 10 адам эвакуацияланган.

"Куткаруучулар иске ууланып, батир ичинде калып калган 1940-жылы туулган Б.А. аттуу эркек кишини алып чыгышып, №4 шаардык ооруканага жеткиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн аянты 10 чарчы метрди түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан