Пара алууга шектелип коргоо министринин жардамчысы, полковник О.У. кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмү (Пара алуу, мамлекеттик же муниципалдык кызмат тутумундагы кызмат ордун бергендиги үчүн) боюнча кылмыш иши козголгон.
Атайын кызмат ал башка аскер кызматкерлерин кызматынан көтөрүп, анын акысына акча алып жүргөндүгүн билдирген. Май айында полковник 100 миң сомдук акыга аскер кызматкерин башка жумушка которгону ачыкталганы маалыматта кошумчаланган.
Учурда тергөө иштери улантылып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.