"Манас" аэропортунда таракандар аралап кеткен азык сатылып жаткандыгы тууралуу видео тарады

“Манас” эл аралык аэропортундагы жеке менчик соода түйүндөрүнүн биринде сатылып жаткан азыктын ичин таракан басып кеткен. Бул туурасында видеону Фейсбук социалдык баракчасынын колдонуучулары бөлүшүүдө.

Тасмада данектер жана кургатылган жемиштер оролгон таттуулардын ичинде кичинекей көпөлөктөрдүн аралап жүргөндүгүн көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында, анын ичинде таракан да бар.

Билдирүүнүн алдына чет өлкөдөн келген коноктор, туристтер келген жерди көзөмөлдөгөн эч ким жок экендигин жазып калтырышкан. Окуя кайсы убакта тартылганы боюнча маалымат берилген эмес.

Азырынча аэропорттун тийиштүү кызматтары, санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ органдары бул боюнча маалымат берише элек.

13.12.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан