Өлкөдө угуусу начар жарандарга кохлеардык имплант коюу боюнча биринчи операция жасалды

Бишкектеги Улуттук госпиталда биринчи кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды. Эки бейтапка ийгиликтүү операция жасалып, абалы туруктуу. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, операцияларды жүргүзүү жана ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн Кыргызстанга литвалык отоларинголог жана кохлеардык имплантация тармагындагы эксперт Гедриус ​​Гилис чакырылган. Ал кыргызстандык хирургдар менен биргелешкен операцияларды жасап, мастер-класс өткөрүп, жергиликтүү адистерге заманбап техникалар жаатында тажрыйбасы менен бөлүштү.

Ошондой эле жалпы суммасы 15 миллион сомдон ашык каражатка тийиштүү медициналык жабдыктар сатылып алынганы айтылды.

“Жаңы жабдуулар кохлеардык имплант коюу операцияларын жасоо үчүн гана эмес, башка татаал ЛОР ооруларын дарылоодо да колдонулат. Ал эми мындай операциялар келечекте дагы өсө берет”, - деп кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан