Бишкекте жаңы жылдык мыкты жасалгалоо боюнча конкурс уюштурулат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, конкурска шаар тургундары, мекеме-уюмдар жана ишканалар катыша алышат.
"Иш-чара майрамдык маанайды түзүү, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жогорулатуу жана шаар тургундарынын чыгармачылык демилгесин колдоого багытталат", - деп билдирди мэрия.
Конкур төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1. Администрациялык райондордун аймактарын (сейил бактарды, гүл бакчаларды, коомдук мейкиндиктерди жана башка) жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо;
2. Министрликтердин жана ведомстволордун имараттарынын фасаддарын жана жанаша жайгашкан аймактарды жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо;
3. Ири соода комплекстеринин, борборлорунун жана базарлардын фасаддарын жана аларга жанаша жайгашкан аймактарды жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо;
4. Соода жана кызмат көрсөтүү объекттеринин, кеңселердин жана башка объекттердин фасаддарын жана аларга жанаша жайгашкан аймактарын жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо;
5. Көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолорун жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо.
Ал эми катышууну каалагандар 15-декабрдан 31-декабрга чейин dgh@meria.kg электрондук почтасына сынакка катышуу үчүн арызын электрондук түрдө тапшырышы керек. Ошону менен катар кооздолгон объекттердин сүрөт, видеолорун жөнөтүү шарт.