Өлкөдө жакынкы күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-17-декабрь күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жашы күтүлөт. Айрым жерлерге туман түшүүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетсе, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн - 12... -17, күндүз - 4... - 9,
Таласта түнкүсүн - 11... -16, күндүз -3... - 8 градус,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -10... -15, күндүз 0... -5 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн - 11... - 16, күндүз - 1... - 6,
Нарын облусунда түнкүсүн -20... -25, күндүз -5... -10 градус,
Ал эми Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30... -35, күндүз -13... -18 грудус суук болот.