Транспорт министрлиги тарабынан 11 айдын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 636 миң 800 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 7374 протокол түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Транспорт министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке жалпы 112 миллион 185 миң 331 сом чегерилди.
Ага ылайык, текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.