Бишкекте аялдамада турган унааны айдап качууга шектүү жаран кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда Октябрь РИИБине калаа тургуну шаардагы көчөлөрдүн бириндеги аялдамада токтоп турган "Хонда-Фит" үлгүсүндөгү унаасын уурдатып жибергенин айтып кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 211-беренесине (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 1992-жылы туулган А.А. аттуу жаран изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан