"Электр чубалгылардан алыс болуңуз". Бишкекте катуу шамал болушу күтүлүүдө

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана күндүзү катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда ӨКМ эскертти.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Мекеме жарандарга дарактын, имараттын жанына унаа токтотпоону жана электр чубалгыларынан алыс болууну эскертет.

"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп билдиришти министрликтен.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан