15-16-декабрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул боюнча ӨКМ маалымат таратты.
Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында да кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.