Казакстандын Алматы шаарында 13-14-декабрь күндөрү мектеп окуучуларынын информатика боюнча XVI Евразия командалык олимпиадасы болуп өттү. Ага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 73 команда (бир командада 3 окуучу) катышты.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аталган сынакта Кыргызстандан 8 команда өлкөнүн намысын коргоду. Олимпиаданын жыйынтыгында бир команда алтын медаль, үч команда күмүш медаль, эки команда коло медаль жана эки команда сертификат менен сыйланды.
Алтын медалга төмөнкү окуучулар ээ болушту:
Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек, Токмок жана Нарын шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Майрамбеков Байторо, Айдарбеков Алихан, Лебиев Абдулазиз алтын медалга ээ болушту. Аларды олимпиадага Урайымов Кылычбек даярдаган.
Күмүш медалга төмөнкү командалар ээ болушту:
- Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Ош жана Токмок шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Абдирасулов Абдуллахан, Арапов Али, Карыпжанов Нурислам. Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.
- Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Алманов Кутбол, Садирбеков Санжар, Бусурманкулов Канимет. Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.
- Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Кадамжай районундагы жана Нарын шаарындагы лицейлеринин, ошондой эле Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Маалыматтык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин окуучулары: Мананов Рамазан, Кадыров Адилхан, Жаникеев Саид. Даярдаган мугалимдери: Урайымов Кылычбек жана Алмазбеков Бексултан.
Коло медалга төмөнкү командалар ээ болушту:
- Бишкектеги Газпром Кыргызстан мектебинин жана Якир атындагы 61-автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары: Канатбеков Адиль, Филиппов Андрей, Бобрус Ян. Даярдаган мугалими – Осмонов Медербек.
- Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Ош, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Зымчыбеков Ислам, Миңбаев Байыш, Алишеров Азамат. Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.
Сертификат менен төмөнкү командалар сыйланды:
- Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Каракол шаарындагы жана Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы лицейлеринин окуучулары: Жамалов Тенгиз, Акжолтоева Айпери, Саламатов Байел. Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.
- Кут Билим окуу-тарбия комплексинин окуучулары: Тажибаев Исхак, Маликов Азим, Алахунов Ахмад. Даярдаган мугалими – Саматов Манас.