Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 15-декабрда саат 22:50дө Кулатов менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Болжол менен жол тандабастын айдоочусу экинчи тилкеден бурулуп бара жаткан унааны байкабай сүзүп кеткен. Жабыркагандар боюнча маалымат жок.
Учурда аталган окуя боюнча милиция маалымат бере элек.