Алымкадыр Бейшеналиев: "Аймактардагы дарыгерлердин айлыгы 120 миң сомго жетет" 

Аймактарда эмгектенген дарыгерлердин айлык акысы 120 миң сомго жетет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө дарыгерлердин айлык акысы сентябрь айынан тарта көтөрүлгөн. Учурда алар 60 миңден 120 миң сомго чейин айлык маяна алышат.

"Эң чоң жетишкендик – дарыгерлердин айлык акысынын жогорулаганы болду. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен айрым адистердин жана хирургдардын айлык акысы 20 пайызга жогорулаган. Ал эми Ош, Бишкекте иштеген "Тез жардам" кызматкерлеринин айлыгына 20 миң сом кошулган. Аймактарга кеткен жаш кызматкерлерге кошумча 22 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт. Ошондой эле сентябрь айынан тарта дарыгерлердин айлыктары 50 пайызга көтөрүлүп, медайымдардыкы 20 пайызга, кичи кызматкерлердики 10 пайызга көтөрүлдү. Азыр Бишкек, Ош шаарында иштеп жаткан "Тез жардамдын" кызматкерлери 50 миңден 70 миңге чейин акча алышат. Аймактарда мен үстүдө атап өткөн кызматкерлердин баары 60 миңден 120 миң сомго чейин акча алышат", - деди Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан