Орусия Сириянын борбору Дамаск шаарынан дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн айрым кызматкерлери менен кошо Беларустун, Түндүк Кореянын жана Абхазиянын элчиликтеринин өкүлдөрүн чыгарып кетти. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
“15-декабрда Хмеймим авиабазасынан Орусиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы Дамасктагы Орусиянын чет элдик өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин бир бөлүгүн Чкаловский аэропортуна жеткирди. Беларустун, Түндүк Кореянын жана Абхазиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери да эвакуацияланды", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай, эвакуациялоо эмнеге байланыштуу болгонун Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тактаган эмес. Ошол эле учурда Дамасктагы орус элчилигинин иши уланып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.