"Украинанын Эмгек сиңирген машыктыруучусу". Кыргызстандын жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу алмашты

Бүгүн, 15-декабрда Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБ президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын оюнчулары менен жолугуп, аларды команданын жаңы машыктыруучусу менен тааныштырды. Бул тууралуу аталган бирикмеден билдиришти.

Маалымдалгандай, жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу болуп украиналык адис Сергий Пучков дайындалды. Адис кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары СССР Чемпиону жана СССР Кубогунун ээси аталган.

Сергий Пучков оюнчулуктан кийин машыктыруучу катары футболдогу карьерасын улантып, Украинанын Эмгек сиңирген машыктыруучусу болгон. Адис Украинанын бир катар клубдарын жетектеп, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында "Мурас Юнайтед" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.

Жаңы адис менен келишим бир жылга ырасталып, Сергий Пучковдун жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын жаштар курамасы 2025-жылдын февраль айында орун ала турган Азия Кубогунда ойнойт. Аталган Азия биринчилигине болгон даярдыктын алгачкы этабын курамабыз жакынкы күндөрү Ысык-Көлдө өткөрө баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-12-16 13:55:00
азырынча тополоң бүткүчө ушуну жөн эле коё турушпадыда, тиги жактагы мигрант мекендештерибизге кысым күч албаса болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан