Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания курган жаңы турак жай комплексин ачты 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы салтанаттуу ачылышта өлкөдө узак мезгилден бери үйгө муктаж жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттин алдындагы негизги милдеттерден болуп келгенин айтты. Ал азыркы тапта республика боюнча турак жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталганын белгиледи.

Жапаров муктаждарга турак жай куруп берүү максатында мамлекеттик деңгээлде ири курулуш долбоорлору башталганына басым жасады. Ал мурда мамлекеттик ипотекалык насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилип, мындай жагдайда өлкөдө турак жай фондунун тартыштыгы алардын бааларынын кескин өсүшүнө алып келгенин, бул дагы калың элге жеткиликтүү болбой, маселе чечилбеген бойдон туруп калганын айта кетти. Ал мамлекет турак жай фондун кеңейтип, көп кабаттуу үйлөрдү салууга киришкенин белгилеп, ошол аракеттин алгачкы үзүрү көрүлө баштаганына токтолду.

Президент бул масштабдуу долбоорлор мамлекеттин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, курулуш үчүн олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнүп жатканын кошумчалады. Мындан тышкары эл аралык жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу менен курулуш иштерин тездетүү жана сапатын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан