Эртең, 17-декабрда өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус;
Бишкек шаарында түнкүсүн -13…-15, күндүз +1…+3 градус болот.
Ал эми бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13 градус суук болот.