Бүгүн, 16-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплексинин ачылышына катышып, жарандарга батирлердин ачкычын тапшырды.
Борбор калаадагы Скрябин көчөсүндө курулган турак жай жети блоктон турат. Анын ар бири 15 кабаттан туруп, жалпы 549 батир курулду. Мамлекет башчысы алар социалдык багытта иштеген кызматкерлерге жана 50 пайыз үлүш кошуу шарты менен алгандарга берилгенин билдирди.
Жапаров учурда өлкө боюнча 40 миңден ашуун жаран мамлекеттик ипотекага кезекте тураганын айтып, 50 пайыз өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдөр кезекте турган кийинки жарандарга турак жай курууну тездетүүгө бир топ салым болорун белгиледи.