Бишкекте жаңы жылга карата азык-түлүк жарманкеси уюштурулмай болду. Дареги

Бишкекте жаңы жылга карата айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманке 25-31-декабрь күндөрү уюштурулат. Анда өлкөдө өндүрүлүп, өстүрүлгөн продукциялар дүң баада сатылат.

Жаңы жылдык жарманке күн сайын саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин уланат.

Дареги: Түгөлбай ата, Эркиндик жана Касым Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан