Кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу жөнүндө тасма тартылат. Ага окуя тууралуу кыска баяндама берип, синопсис жазгандарга сынак жарыяланды. Бул туурасында бүгүн, 16-декабрда Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы билдирди.
Маалымдалгандай, “Бир туугандык жеңиш” аттуу кино Парижде өткөн Олимп оюндарында күмүш медалын уткан кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши тууралуу болот. Ал 90 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасма болуп тартылат.
“Тасма Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын биргелешкен алгачкы кинодолбоору. Мындан улам синопсис сынагынын жеңүүчүсү үч тараптын өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен аныкталат. Синопсис жазууга 45 күн берилет. Катышуучулардын иши 30-январга чейин кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, кенен маалымат алуу үчүн катышуучулар Бишкек шаарындагы Д.Асанова көчөсү-1 дарегинде жайгашкан Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясына кайрылса болот. Ошондой эле +996 501503103 телефон номуруна да байланыша алышат.