Грузиянын Ички иштер министрлиги Грузиядагы Гудаури лыжа базасындагы индиялык ресторанда 12 адамдын өлүгү табылганын билдирди.
Каза болгондордун 11и Индиянын, бирөө Грузиянын жарандары. Маалым болгондой, алар аталган жерде жумушка орношуп, ошол жерде экинчи кабатта жашап жатышкан.
Өлүмдүн болжолдуу себеби – кырсык. Сөөктөрдөн зомбулуктун белгилери болгон эмес.
Белгилүү болгондой, жумушчулардын бөлмөлөрүнүн жанындагы жабык бөлмөдө генератор иштеп жаткан. Ал бир күн мурун ишке киргизилген.
Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул окуя боюнча Грузиянын кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси (Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү) менен кылмыш иши козголду.