Бишкек шаарында КамАЗ унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды сүзуп, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, кырсык бүгүн, 16-декабрда саат 17:00дөр чамасында Шабдан Баатыр проспектисинде болгон. Анда 1962-жылы туулган айдоочу С.З. КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден 1995-жылы туулган Ж.А. аттуу жаранды сүзүп кеткен. Ал коляска менен баласын сүйрөп алып өтүп бара жаткан.
Жыйынтыгында ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болуп, коляскадагы бала ооруканага жеткирилген.
Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, унаа айып короого киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.