Баткен облусунда үч адам диний экстремисттик агымдан баш тартты

Баткен облусунда “Экстремист” аттуу рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен үч адам диний экстремисттик агымдан баш тартты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Иш-чара 10-14-декабрь күндөрү өткөрүлгөн. Анда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундар, мурда соттолгон 23 жаштагы А.Б., 30 жаштагы А.у.С. жана 33 жаштагы А.А. аттуу жарандар өз каалоосу менен аталган өлкөдө тыюу салынган агымдан баш тартышкан.

Бул тууралуу алар өзүнүн видео кайрылуусунда мындан ары бул агымга эч кандай тиешеси жок экендиги жана бул агымдын идеологиясын колдобоосу жөнүндө билдирген.

Аталган жагдай боюнча бул жарандар менен алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, каттоодон чыгарылган.

Мындан сырткары иш-чаранын жүрүшүндө облус аймагындагы диний мекеме, медресе, мечиттер текшерилип, жарандар арасында мыйзамдагы өзгөртүүлөр түшүндүрүлүп, алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан