14-декабрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында борбор калаанын башкы жаңы жылдык балатысын салтанаттуу түрдө жандыруу аземине рекорддук сандагы шаар тургундары келишти. Бул тууралуу Бишкек мэрияы кабарлады.
Мэрия билдирүүсүндө жаңы жылдык балатыны жандырууга 10 миңге жакын шаар тургуну келгенин, бул көрсөткүч мурдагыларга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүч экенин белгиледи.
Мэриянын маалыматына ылайык, ар бир дем алыш күндөрү үйлөмө аспаптар оркестри аянтта концерт коюшат. Ошондой эле күн сайын аниматорлор, балдар жана алардын ата-энелери үчүн спектаклдер көрсөтүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын бардык тургундарын жана конокторун 14-январга чейин күн сайын Ала-Тоо аянтында өтө турган майрамдык иш-чараларга чакырат.