Каракол–Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдары 18-декабрга чейин жабык болот

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол–Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Бул туурасында кечээ, 16-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери аткарылууда. Ага карабастан кар күрткүсү кайра үйлөп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда.
"Ошондой эле жолдун 76-92-чакырымдар аралыгында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан кырсыктарды алдын алуу максатында Каракол–Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдар аралыгын убактылуу жабуу чечими кабыл алынды. Ак-Суу районунун акиминин тескемесине ылайык, жогоруда аталган тилке 16-декабрдан 18-декабрга чейин жабык болот. Ал эми түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат такталарын орнотуу, ыкчам маалымат берүү сындуу тапшырмалар тиешелүү мекеме жетекчилерине берилди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан