
Өлкө аймагында соңку суткада 25 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 29 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМден бүгүн, 17-декабрда билдиришти.
"Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 3, Ош облусунда 7, Чүй облусунда 6, Жалал-Абадда 1, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы катталды" деп жазылат анда.
Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон эмес.