
Ички иштер министри
Улан Ниязбеков Бишкек шаарынын 5 жаштагы тургунуна жаңы жылдык белек берди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Анда маалымдалгандай, 5 жаштагы Наима жаңы жыл алдында ички иштер министрине кат жазган. Анда ал министрди майрамы менен куттуктап, куурчакты белек катары алууну каалаганын билдирген.
Ички иштер министрлиги наристени ата-энеси менен бирге министрликке чакырып, ага кыялданган куурчакты белек катары тапшырган.