Бүгүн Бишкекте "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт

Бишкекте бүгүн, 17-декабрда президент тарабынан негизделген "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык Опера жана балет театрында болот.

Аталган сынак медиа өкүлдөрү жана блогерлер үчүн президент тарабынан негизделген. Бул жылы биринчи жолу өткөрүлүүдө. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу жана аларга дем берүү максатын көздөйт.

Уюштуруучулардын айтымына караганда, "Мейкин" сыйлыгы жыл сайын өткөрүлөт. Бул жылы 10 номинация каралып, 10 миллион сом өлчөмүндө сыйлык даярдалган.

Ал эми аталган сынакка мамлекеттик органдардан 2 өкүл, көз карандысыз маалымат каражаттарынан 9 адам жана журналисттик профилдеги окуу жайлардын өкүлдөрү калыстык кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан