Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу маалымат берип жатат.
"Отчёт берип жатканымдын себеби, мен дагы Акылбек Жапаровго окшоп отчёт бергенге үлгүрбөй калбайын деп маалымат берип жатам", - деген Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан бери УКМК мамлекетке канча акча кайтарганын айтты.
Анын айтымында, 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын ушул мезгилине чейин мамлекетке 168 миллиард 287 миллион 49 миң сом (1 миллиард 945 миллион 515 миң доллар) кайтарылган.
Анын ичинен акчалай түрдө 37 миллиард 776 миллион сом (436 миллион 725 миң доллар), мүлк түрүндө 130 миллиард 510 миллион сом (1 миллиард 508 миллион доллар) кайтарылган.
“Биз декабрдын аягына чейин дагы кошумча 40 миллиард 893 миллион сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген оюбуз бар. Бул кылмыш иштеринин алкагында каралып, бүтүп жаткан жумуштар. Ошондо 2020-жылдын октябрынан ушул жылдын декабрына чейин 209 миллиард (2 миллиард 400 миллион доллар) сом акча жыйналып калат", - деди Ташиев.