"Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга  киргизилген чектөө алынды

Бишкек - Ош унаа жолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Маалымдалгандай, чектөө бүгүн, 17-декабрда саат 10:38 чамасында алынды.

Белгилей кетсек, унаа жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кечээ саат 18:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан