Хово маркасындагы жүк ташуучу унаанын айдоочусу Фрунзе/Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгүн булгаган. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, мэр Айбек Жунушалиев айдоочуга туура эмес иш-аракети жана жолду булганышын алдын алуу чаралары көрүлбөгөндүгү үчүн эскертүү берди.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан айдоочу К.У.га Укук бузуулар кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.