Бишкекте жеке ишканаларга демөөрчү болууга МАБдардан кат барууда. Мэриядан жооп

Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлгөн. Кошумча каражат табууга муниципалдык аймактык башкармалыктарга (МАБ) тапшырма берилген эмес. Бул туурасында бүгүн, 17-декабрда мэриядагы жыйында маалым болгонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мэр Айбек Жунушалиев жеке компанияларга демөөрчүлүккө өтүнүч каттар барып жаткандыгын айткан. Муну менен катар майрамга карата акча чогултуу, жетекчилерге белектерди берүү уюштурулбашы керектигин эскертти.
Максималдуу белек куттуктоо баракчалары экендигин белгилеген шаар башчысы вице-мэрлерге, тийиштүү жетекчилерге каттуу талаптарды койду. Ошондой эле демөөрчүлүк боюнча МАБдардын мыйзамсыз иш аракеттери ачыкталса, кызматкерлерди жумуштан алуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан