Абактагы Имамидин Ташов кайрадан өмүрүнө кол салды

"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов кайрадан өз өмүрүнө кол салып, курсагынын оң жак тарабын тилип жиберген. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ташовго алгач №1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүндө биринчи жардам көрсөтүлгөн. Андан соң "Тез жардам" кызматы менен Улуттук хирургия борборуна жеткирилип, керектүү медициналык жардам берилгендиги маалым болду. Учурда ал кайрадан СИЗО-1ге жөнөтүлгөн.

"Камераны тинтүү учурунда мекеменин кызматкерлери дааратканадан айнектин сыныгын табышты. Ташов менен бирге жаткан киши уктап жаткандыктан окуяга күбө болгон эмес. Учурда Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан