Өлкөдө 120дан ашуун Кыргызстандын жасалма электрондук визасы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалма документтерди колдонуу фактылары көбөйүүдө.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биринин жарандары А.М. жана Б.Д. кармалган. Алар Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында өздөрүн ишкер катары көрсөтүп, жасалма документтерди даярдоо жана сатуу каналын уюштурушкан.
УКМК чет өлкөлүк жарандарды учурдагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.