Бишкекте "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө

Бүгүн, 17-декабрда Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык Опера жана балет театрында президенттин "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп жатат. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышууда.

Белгилей кетсек, аталган сынак медиа өкүлдөрү жана блогерлер үчүн президент тарабынан негизделген. Бул жылы биринчи жолу өткөрүлүп, 10 номинация боюнча 10 миллион сом өлчөмүндө сыйлык даярдалган.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун айтымында, сынакка 200дөн ашык материалдар келип түшкөн.

"Калыстар тобу сынакка келип түшкөн 200дөй эмгектерди кылдат карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныктады. Комиссиянын курамы 11 адамдан турат. Алар журналисттер, көз карандысыз эксперттер жана жеке медианын өкүлдөрү", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан