Жети-Өгүздө мыйзамсыз сакталган курал-жарактар жана ок-дарылар табылды

Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында, 9-декабрда Жети-Өгүз РИИБинин ыкчам тергөө тобу тарабынан Кичи-Жаргылчак жана Ак-Терек айылдарында жайгашкан беш турак жайда тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган 3 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар, 3 даана 16-калибрдеги ок атуучу куралдар, 1 даана 12-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал, 1 даана 20-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жана 7 даана 16-калибрдеги ок атуучу куралга тиешелүү ок-дарылар, 104 даана сайлуу ок атуучу куралдын ок-дарылары, 8 даана 5.45 үлгүдөгү ок-дарылар жана бытыралар, 27 даана ар кандай үлгүдөгү ок-даарылар табылып, далил зат катары алынган.

Аталган далил заттар Жети-Өгүз РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан