Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу маалымат берди.
Анда ал атайын кызмат тарабынан 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын ушул мезгилине чейин мамлекетке 168 миллиард 287 миллион 49 миң сом (1 миллиард 945 миллион 515 миң доллар) кайтарылганын, Анын ичинен акчалай түрдө 37 миллиард 776 миллион сом (436 миллион 725 миң доллар), мүлк түрүндө 130 миллиард 510 миллион сом (1 миллиард 508 миллион доллар) алынганын белгилеп, айтылган сумма жана мүлктөр өлкө казынага жана мекемелерге кандай бөлүштүрүлгөнүнө токтолду.
"Республикалык бюджетке 3 миллиард 352 миллион сом акча кетти. Бажы кызматына 395 миллион 503 миң сом которулса, Салык кызматына 4 миллиард 394 миллион сом, Турукташтыруу фондуна 16 миллиард 952 миллион сом берилди. Ал эми Жаңы стадион курууга 12 миллиард 681 миллион сом которулду.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине ачык аукциондор аркылуу 8 миллиард 963 миллион сомдук акча каражатын мүлк түрүндө ишке ашырды. Бардыгы болуп 130 миллиард 510 миллион сомго бааланган 1174 объектини мамлекетке кайтардык. Анын ичинен бүгүнкү күндө 44 объект 8 миллирад 963 миллион сомго сатылды. Мамлекетке 47 миллиард сомдук 184 объектини өткөзүп бердик. Булар: пансионаттар, стадиондор, балдар лагерлери, мектептер, бала бакчалар, заводдор, соода аянтчалар, жер тилкелери. Бүгүнкү күндө 75 миллиард сомго бааланган 945 объект калды. Булар Мүлк агенттиги тарабынан сатылып жатат", - деди УКМК башчысы.
Ташиев атайын кызмат өндүргөн накталай суммадан бир дагы сомду өз билемдик менен колдонбогонун, кайтарылган мүлктөрдүн бардыгы Маммүлккө өткөрүлгөнүн жана алардын сатылышына УКМК кийлигишпей турганын кошумчалады.