Баткенде жаңы жылдык фейерверк атылбайт. Себеби 

Баткенде жаңы жылдык фейерверк атылбайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Маалымдалгандай, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунушуна ылайык, облус аймагында атмосфералык абаны коргоо жана өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында, облус башчысы Абдикарим Алимбаев жаңы жылдык фейерверктерди уюштурбоо чечимин кабыл алды.
"Пиротехникалык материалдарды күйгүзүү учурунда зыяндуу заттардын чыгышы, атмосфералык абанын сапаты боюнча кырдаалды начарлатып, абанын булгануусуна алып келет. Аны менен катар жарандардын ден соолугуна зыян келтирген учурлардын жаралуусун шарттайт. Ошол эле учурда Жаңы жылдык фейерверктерди уюштурууга бир топ каражат жумшалат. Бул каражаттарды башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоо ылайыктуу болот", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам облус аймагында пиротехникалык материалдарды күйгүзүүгө бөгөт коюлары кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан