Баткен облусундагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК: Баткен облусунун айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды
УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө айрым кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке курулушка жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин оң чечкени үчүн жергиликтүү тургундардан 100 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы такталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 14-декабрда 6600 доллар өлчөмүндө кезектеги параны алып жаткан учурда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын башчысы Д.Ж. кармалган.
Алынган далилдердин негизинде Д.Ж. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.