Баткенде шахтада калып калган 8 адам куткарылды

Баткен облусундагы шахтада кен казып жатып ичинде калып калган 8 адам куткарылды. Бул тууралуу згч кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүн, 17-декабрь күнү саат 14:38дер чамасында Сүлүктү шаарындагы “Нур” шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамынан 7 кутркаруучу чыгып, саат 15:11де аталган взводдон кошумча дагы 11 куткаруучу барышкан.

Сүлүктү шаары боюнча ӨКБнүн башчысы баштаган ыкчам топ да жеринде болуп, взвод куткаруучулары тарабынан 8 кен казуучу (шахтёр) аман-эсен куткарылган.

Андан соң куткаруучулар аталган шахтада газдан тазалоо иштерин улантып, ийгиликтүү аякташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан