
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада калган сегиз адам куткарылганы ӨКМдин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, 17-декабрда саат 14:38 чамасында шаардагы ЖЧК “Нур” шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке жалпы 18 куткаруучу тартылып, 8 кен казуучу аман-эсен куткарылган.
Андан соң куткаруучулар аталган шахтада газдан тазалоо иштерин улантып, ийгиликтүү аякташкан.