Кыргызстандын мугалимдери 12 жылдык билим берүү боюнча Түштүк Кореядан тажрыйба топтоп келишет. Бул туурасында кечээ, 17-декабрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Кореянын Эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун башкы директору, Кенгун университетинин Эркин искусстволор колледжинин деканы Джой Джу Ен Чун менен болгон жолугушууда маалым болду.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын 12 жылдык билим берүү багытына бара жаткандыгы сөз болду.
Кендирбаева Кореянын 12 жылдык билим берүү тармагында эң ийгиликтүү тажрыйбасы бар экенин белгилеп, педагогикалык багыттагы адистерди даярдоо ыкмасы, мугалимдерге коюлган талаптар, аларга кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгү жөнүндө айткан.
Ал эми профессор Джой Джу Ен Чун Кореянын тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирген.
"Жолугушуунун жыйынтыгында жакын арада өтө турган форумда Кореянын 12 жылдык билим берүү тажрыйбасы боюнча онлайн презентация жасоо, ошондой эле өз ара тажрыйба алмашуу максатында кыргызстандык мугалимдерди Кореяга чакыруу сунушу жактырылды", - деп айтылат маалыматта.