Беларуста кыргызстандык жигит 1,5 килограмм баңгизат менен кармалды

Беларустун Брест шаарынын бажы жана ички иштер кызматкерлери 1,5 килограммдык кооптуу психотроптук баңгизатын таратууга ниеттенген Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул туурасында Беларустун бажы кызматынын сайтында жазылды.

Маалымдалгандай, 24 жаштагы кылмышкердин турган жери, ошондой эле анын иш планы бажы кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Ал Кыргызстандан барып, интернет-дүкөн аркылуу куратордун көрсөтмөсү менен психотроптук затты сата баштаган.

Шектүү жаран баңгизатын катып жаткан жерден кармалган. Учурда тергөө абагына киргизилген. Ал соттун чечими менен 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан